7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Урра алгачкы ийгилик! Петрашов 100 метрге сууда сүзүп 3-болуп келди

4073

Кыргыз суучулу Денис Петрашов Токио шаарында өтүп жаткан жайкы Олимпиада оюндарында 100 метр аралыкка брасс стилинде сууда сүзүү боюнча 8 спортчунун ичинен 3-орунда келди.

Ал 100 метр аралыкты 1 мүнөт 23 миллисекундада сүзүп өтүп, 3-орунду камсыздады.

Бул жупта биринчи болуп түштүк кореялык суучул келди. Ал 100 метр аралыкты 59 секунд 99 миллисекундада сүзүп өттү.

Жарым финалга эң алдыңкы 16 спортчу чыгат. Азырынча финалисттердин курамы аныктала элек.

Эске салсак Петрашов эми 27-июль күнү 200 метр аралыкка брасс стилинде сууда сүзүүгө катышат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

4074