7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкектин вице-мэри Жамалбек Ырсалиев жол кырсыгына кабылып, ооруканага түштү

899

Бишкек шаарынын вице-мэри Жамалбек Ырсалиев жол кырсыгына кабылды. Учурда ооруканада жаткандыгы айтылат.

26-июлда болжол менен эртең мененки саат 6ларда Бишкек – Ош унаа жолунун 217-чакырымында Toyota Alphard унаасынын айдоочусу уктап кетип, бетон тосмону сүзүп алган. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Унаада жүргүнчү катары Бишкектин вице-мэри Жамалбек Ырсалиев  жана дагы эки жүргүнчү болгон.  Бир жүргүнчү К.Т. жандандыруу бөлүмүндө түшкөн.  Ал эми вице-мэрдин абалы тууралуу азырынча маалымат айтыла элек.

Аталган факт кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, текшерүү жүрүп жатат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

900