Кумтөр долбоору боюнча кармалган Өмүрбек Бабановдун ден-соолугунун начарлашына байланыштуу анын баш коргоо чарасы өзгөртүлдү. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Мурда маалымдалгандай, Кумтөр алтын кенин иштетүү боюнча долбоорду жүзөгө ашыруунун ар кандай этаптарындагы коррупция боюнча кылмыш ишин тергөө учурунда, экс-премьер-министр Өмүрбек Бабанов кылмышка шектүү экендиги маалымдалып, камакка алынган.
Бирок, Ө. Бабановго карата камакта кармоо мөөнөтүн узартууну кароодо, анын ден-соолугунун начарлап кеткендигин жана республикадан тышкары жактан медициналык мекемелерде дарылоону талап кылган оорулардын бар экендигин көрсөткөн медициналык документтер алынды.
«Бүгүн, 27-июлда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Бабановдун баш коргоо чарасын өзгөртүп, чет өлкөдө квалификациялуу медициналык жардам алуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу максатында камактан бошотту. Ө. Бабанов шектүү деп эсептелген Кумтөр долбоорун ишке ашырууда коррупция фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин тергөө иштери улантылып, бардык кылмышкерлерди аныктоого жана жоопко тартууга багытталган чаралар көрүлүүдө. УКМК коомчулукка бул кылмыш иши боюнча тергөөнүн жүрүшү жана натыйжалары жөнүндө, анын ичинде Ө. Бабановго байланыштуу, анын иш-аракеттерине акыркы укуктук баа берүү боюнча тынымсыз маалымат берилип турмакчы», — деп берилет маалыматта.