6-август Бишкек- Ош унаа жолунда авто кырсык катталып, унаанын айдоочусу каза болду. Даагы 2 аял жарадар болуп, ооруканага жеткирилгендигин ӨКМдин басма сөз кызматы кабарлайт.
«Кара-Көл шаары, Бишкек-Ош унаа жолунун 369-чакырымында “Mercedes Benz Sprinter” унаасынын айдоочусу рулду башкара албай бакты сүзгөн.
Кырсыктын кесепетинен унаанын айдоочусу каза болуп (1990-ж.т. А.А.) жана 2 аял киши жабыркаган. Жерине куткаруучулар жеткенге чейин жергиликтүү тургундар жабыркаган 2 аялды унаадан чыгарып, Кара-Көл шаарынын ооруканасына жеткирген. Ал эми каза болгон айдоочуну куткаруучулар унаадан чыгарышып тез жардам кызматына өткөрүп беришти»-деп жазылат маалыматта..