7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Эмне үчүн жол кырсыгы көп катталууда?» 16 автомектепке эскертүү берилди

801

Кыргызстанда баш-аягы 273 автомектеп бар. Бул тууралуу билим берүү жана илим министринин орун басары Нурлан Өмүров 2-сентябрда Бишкекте жол коопсуздугуна байланыштуу өтүп жаткан жыйында айтты. Алардын ичинен 65и мамлекеттик, калган 208и жеке менчик.

Автомектептерге лицензияны Ички иштер министрлигинин (ИИМ) корутундусу менен Билим берүү жана илим министрлиги берет жана алардын талапка ылайык иш алып барып жатканын текшерет.

«2021-жылы 40 автомектепти текшерүү планга кирген. Азыркы тапта 25и текшерилип бүттү. Анын ичинен 16сына эскертүү берилди. Эскертүү берилгенден кийин кемчиликтерди жоюуга үч ай убакыт берилет. Бул убакытта да кемчиликтер жоюлбаса дагы бир жолу эскертүү берилет. Анда да талаптарга жооп бербесе мыйзам боюнча автомектептин лицензиясын кайтарып алууга жол ачылат», — деди Нурлан Өмүров.

Кыргызстанда быйыл жети айда 3982 жол кырсыгы катталып, 394 адам каза болгонун, дээрлик 85% айдоочунун күнөөсү экенин “Азаттык” радиосуна ИИМдин Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирген.

2020-жылы Кыргызстанда 6126 жол кырсыгы катталып, 754 адам каза болгон, анын 93ү балдар.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

802