Жаӊы депутат Канатбек Ахмедов парламентте ант берип, өзүнүн депутаттык ыйгарым укуктарын аткарууга киришти. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, ал Токмок шаарынын мэрлигине шайлангандыгына байланыштуу депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган Урмат Самаевдин ордуна келген.
Белгилей кетсек, «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин статусу жөнүндө» мыйзамга ылайык, жаӊы депутат парламентте ант берген соӊ, өзүнүн депутаттык ыйгарым укуктарын расмий түрдө аткарууга киришет.