7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Айпери Кубик кызы: Бир түнү түш көрдүм. Түшүмдө сакалы узун бир киши көрүндү…

5666

Ырчы Айпери Кубик кызы 5-сентябрда көз жарып, Аиша аттуу кызды жарык дүйнөгө алып келди. Наристеге бул ысымды ыйгарууга түшү себеп болгонун айтат. Бул тууралуу ал өзүнүн социалдык баракчасына жазган.

Анын айтымында, ата-энелери, жолдошу башка ысымды ылайыктап жатышкан.

“Ассаламу алейкум. Кызыбызга кайсы ысымды койдук? Чынында, УЗИден кыз экенин билгенде, өзүмдү кармай албай ыйлагам…Себеби, аябай кыз перзенттүү болгум келген. Төрөткө жакын калганда ат издей баштадык. Бул да СҮННӨТ. Баарыбыз эле, 2 атам, 2 апам, жолдошум болуп эле ат тандап жаттык… Анан бир түнү түш көрдүм… Түшүмдө сүннөт кийинген,чачы желкесине түшкөн, сакалы узун бир киши көрүндү. Бирок жүзүн көрө албадым…Быжырап, даана көрүнгөн жок… Анан добушу катуу угулду:

-«Кызыңа Аиша деген ат коюлду», — деди…

-Жоок, атамдар башка атты айтып жатты эле десем  «Кызыңа Аиша деген ат коюлду», — деп 2 ирээт кайталады.

-Билбейм, башка болчу эле го деп болбой эле тартышып жаттым, себеби атамдар бир атты так айтып жатышкан эле да.

-«Кызыңа Аиша деген ат коюлду!!!», — деп  үчүнчү ирээт катуураак айтылды…

Ошентип түшүмдө аян берилдиби билбейм. Айтор, ойгонуп алып таң болдум. Кийин жакындарыма түшүмдү айтсам, баары эле “ошол атты кой”, — деп колдошту. Анан Аиша деген ысымды тандап койдук.

Пайгамбарыбыз С.А.В. дын сүйүктүүсү, Аиша энебиздин атын буйруган экен. Даян, Райан, Аиша аттуу перзенттерди насип кылган Аллахыма чексиз шүгүрлөр болсун . Баарыңыздарга эки дүйнө бактылуулугун насип кылсын. Ким эмнеге муктаж болсо, Аллах насип эткен болсун”, — деп жазат ал.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

5667