17-сентябрь Москва шаарынан «Хизб ут-Тахрир» террористтик уюмунун эки башчысы жана беш мүчөсү кармалган. Бул тууралуу россиялык ЖМК жазып чыкты.
Кармалгандар Россия, Тажикстан жана Кыргызстандын жарандары. Учурда алар убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Мигранттарга «Террордук уюмдун ишин уюштуруу жана ага мүчө болуу» беренеси менен айып тагылууда. Шектүүлөр 10 жылдан 20 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.
Элчилик бул маалыматтан кабардарбы, Кыргызстандын жаранына зарыл болгон жардам көрсөтүлөбү, азырынча жооп боло элек. Бирок, биз байланышууга аракет кылуудабыз.