7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ысык-Көлдө бир үйдү «жылаңачтап» кеткен ууру кармалды

931

Ысык-Көлдүн Каракол шаарында батирлерден буюмдарды уурдаганга шектүү кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Каракол шаарынын тургуну укук коргоочуларга арыз менен кайрылган. Анда августь айында үйүнө белгисиз адамдар кирип фотоаппарат, дрон, ноутбук, алтын зер жасалгаларын, акча каражатын уурдап, 555 миң сом зыян келтиргенин айткан.

«Издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Каракол ШИИБинин кызматкерлери тарабынан 1992-жылы туулган Б.Д. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда жогорудагы кылмыш иштерине катыштыгы бар жарандарды аныктоо амалдары жүргүзүлүп, шектүүнүн мындан башка дагы иштерге катыштыгы бар же жогу аныкталууда», — дешти мекемеден.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 220-берене менен катталып, сотко чейинки тергөөгө алынган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

932