7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ташиев айткан фармацевттикалык мафия боюнча бир кылмыштын бети ачылды

713

УКМК тарабынан калкка дары-дармектерди ашыкча жогорулатылган баада сатууну импорттоочу компаниялардын тобу аныкталды. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Саламаттыкты сактоо системасындагы коррупцияны жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында, калкка ашыкча жогорулатылган баада дары-дармектерди сатууну көздөгөн өлкөгө импорттоочу фармацевтикалык компаниялардын тобунун мыйзамсыз ишмердүүлүгү боюнча маалымат алынган.

Бул факты боюнча сотко чейинки өндүрүш башталып, анын алкагында аталган компаниялардын офисинде жана кампасында тинтүү иштери жүргүзүлүп, кошумча экинчи бухгалтерия бар экендигин тастыктаган финансылык документтер алынды.

Ошол эле учурда бул компаниялар тобу көзөмөл жүргүзүүчү мамлекеттик органдардын айрым кызмат адамдарынын колдоосу менен салык төлөмдөрүнөн качуу үчүн импорттук дары-дармектердин чыныгы баасын жашырып, андан ары дарыларды калкка сатууда баасы боюнча спекуляция кылгандары аныкталды.
Дары-дармектерди жеткирүүчүлөрдүн жогорудагыдай мыйзамсыз аракеттеринин натыйжасында өлкөнүн бюджетине салык түшпөй, калкка керектүү дары-дармектердин баасынын негизсиз жогорулатылышына алып келген.

Мындан сырткары кымбат баадагы дары-дармектердин аналогдорун таратуу менен мыйзамсыз соода ыкмаларын жана адилетсиз атаандаштыкты колдонууга катышкандыгы боюнча далилдер алынды.

Иш жүзүндө алынган далилдерди эске алуу менен аталган ишканалардын жетекчилеринин бири А.В. аттуу жаран кармалып, 319-берененин 1-бөлүмү (Коррупция) боюнча кылмышка шектүү катары кармалды. Ага карата Биринчи Май райондук соту тергөө камак жайына камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасын тандады.

Азыркы учурда тергөө бул компаниялардын мыйзамсыз иш-аракеттеринин натыйжасында мамлекетке келтирилген зыяндын так суммасын жана кылмышкерлердин чөйрөсүн аныктоо иштери жүрүп жатат, алардын аракеттерине тергөөнүн жыйынтыгы боюнча мыйзамдуу баа берилет.

Буга чейин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев фармацевтикалык мафиянын бети ачылганын айткан.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

714