7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Дамир Кулубаев Кара-Кулжа районунун акими болуп дайындалды

674

Бүгүн, Президент Садыр Жапаровдун жарлыгына ылайык, Кулубаев Дамир Садырбекович Кара-Кулжа районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким болуп дайындалды.

Буга чейин Кара-Кулжа районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-акими болуп эмгектенген Аманкан Кенжебаев өз арызынын негизинде кызматын тапшырган. Өздүк булактар шайлоого аттанаарын айтышат.

Кулубаев Дамир Садырбекович —1978-жыл Фрунзе шаарында төрөлүп өскөн.

Билими:

  • 2006-2009-жж. – Ош мамлекеттик юридикалык интитуту, юридика факультети, кесиби: юриспруденция: юрист.
  • 1995-2000-жж. – Кыргыз агрардык академиясы, факультет: агроном адиси: агрономия, димломдолгон адиси (агроном)
  • Кошумча билими: КРнын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы.

Иш тажрыйбасы:

  • 2020-ж. — КРнын финансы министрлигинин алдындагы бюджеттик кредиттерди башкаруу агенттигинин башкаруу адиси,
  • 2017-2018-жж.. — Панфилов райондук мамлекеттик адиминистрациясынын башчысы-аким.
  • 2015-2017-жж. — КРнын айыл чарба жана мелиорация министрлигинин стат катчысынын м.а., министрдин кеңешчиси.
  • 2013-2015-жж.. — Панфилов райондук мамлекеттик адиминистрациясынын аппарат жетекчиси.
  • 2013-2013-жж.. – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы мамлекеттик ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекциясынын башкы инспектору.
  • 2012-2012-жж.. – КРнын жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу министрлигинин жетектөөчү адиси.
  • 2010-2021-жж. – Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Панфилов райондук бөлүмүнүн башчысы.
  • 2000-2009-жж.. – “Даймон Интернешнл Кыргызстан” ЖЧКнын сатып алуу менеджери, цех башчысы, менанын көзөмөлчүсү, тизме менеджери.

Класстык чиндер жана наамдар: Мамлекеттик кызматтын 3 класстагы кеңешчиси.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

675