7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ысык-Көлдө 31 жаштагы жарандын үйүнөн баӊги зат жана куралдар табылды

568

Ысык-Көл облусунда 31 жаштагы жарандын үйүнөн баӊги зат жана куралдар табылды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иштеринин натыйжасында Ак-Суу райондук ички иштер бөлүмүнүн баӊги заттарын мыйзамсыз жүгүртүгө каршы аракеттенүү кызматынын кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары Теплоключенка айылынын 31 жаштагы тургунун аныкташып, анын жашаган жеринде мыйзамдуу кароо иштери өткөрүлгөн. Натыйжада милиция кызматкерлери полиэтилен баштыкка салынган баӊги затына окшош өсүмдүктү табышкан.

Андан сырткары, үйүнөн пневматикалык жана травматикалык тапанчалар, ошондой эле 2 пневматикалык мылтык да табылган.

Экспертизанын жыйынтыгы боюнча, алынган өсүмдүк кургатылган марихуана баӊги затына кирери жана жалпы салмагы 550 граммга жакын экендиги аныкталды.

Ал эми алынган куралдар ички иштер органында катталбагандыгы белгилүү болуп, бул боюнча соттук-баллистикалык экспертиза дайындалды.

Аталган факт учурда Ак-Суу райондук ички иштер бөлүмунө катоого алынып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

Тергөө кызматы тарабынан шектүү жарандын башка кылмыштарга тийиштиги бар, же жогу текшерилүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

569