7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Көлдө 50 жаштагы эркек киши өзүн-өзү мылтык менен атып көз жумду

1520

Жети-Өгүздө 50 жаштагы киши мылтык менен өзүн-өзү атып көз жумду. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, окуя бүгүн, 18-ноябрда саат 00:55 чамасында болгон. Жети-Өгүз райондук оорукананын Тез жардам кызматынан Жети-Өгүз РИИБге маалымат түшкөн. Анда Кызыл-Суу айылынын 1971-жылы туулган тургуну курал менен өзүн-өзү атып, каза болгондугу тууралуу маалымат түшкөн. Айтылган факты Жети-Өгүз РИИБге катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Териштирүүдө анын жакындары көрсөтмө беришип, анда мылтык жарандын өзүнө таандык экени, мылтыкты ээгине такап атынганы маалым болду. Анын жубайы көрсөтмө берип, окуя ал уктап жатканда болгонун айткан. Учурда териштирүү иштери жүрүп жатат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1521