7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жылдын мыкты спортчулары сыйланды

1233

Кечээ, 1-декабрда, Sports Awards – 2021 жылдын мыкты спортчуларын сыйлоо салтанаты өттү.

Маалыматка ылайык, иш-чара кыргыз спортчуларынын кызыл килемден өтүүсү менен башталды. Быйыл сыйлык тапшыруу аземи 7-ирет өтүп жатат.

Салтанаттын ачылышында маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов дүйнөлүк аренага Кыргызстандын атын чыгарып келе жаткан спортчуларды куттуктады.

“Спорт — бул мамлекеттик туунун эл аралык аренада көтөрүлүшү. Спортчулардын ар бир жетишкендиги кайсы гана өлкө болбосун чоң аброй алып келет. Ошондой эле социалдык-экономикалык чөйрөгө өзүнүн түздөн-түз салымын кошот. Ал эми өлкө ичинде спортчулардын жетишкендиктери элибизди ынтымакка бөлөп, кубандырып, ынтымак менен биримдиктин туусунун алдында бириктирет”, — дейт министр.

Спорт тармагындагы жылдын мыктыларын аныктоо социалдык тармак аркылуу добуш берүү жана эксперттик комиссиянын негизинде аныкталды:

  • Улуттук спорт түрлөрү боюнча мыкты спортчу – Ынтымак Мурадил уулу (Салбуурун);
  • Улуттук спорт түрлөрү боюнча мыкты машыктыруучу – Нурлан Молдакунов (Салбуурун);
  • Паралимпиадалык спорт түрлөрү боюнча мыкты спортчу – Арстанбек Базаркулов (Пара атлетика);
  • Сурдлимпиадалык спорт түрлөрү боюнча мыкты спортчу – Илгиз Каналбек уулу (Дзюдо);
  • Майыптыгы бар жарандар арасында олимпиадалык эмес спорт түрлөрү боюнча мыкты спортчу – Болот Азамат уулу (Пара кол күрөш);
  • Олимпиадалык спорт түрлөрү боюнча мыкты спортчу – Акжол Махмудов (Грек-рим күрөшү);
  • Олимпиадалык спорт түрлөрү боюнча мыкты спортчу айым – Айсулуу Тыныбекова (Кыз-келиндер күрөшү);
  • Олимпиадалык спорт түрлөрү боюнча мыкты машыктыруучу – Руслан Маджинов (Эркин күрөш);
  • Олимпиадалык эмес спорт түрлөрү боюнча мыкты спортчу – Бей-Барс Анарбеков (Белбоо күрөш);
  • Олимпиадалык эмес спорт түрлөрү боюнча мыкты спортчу айым – Самара Абдумалик кызы (Самбо);
  • Олимпиадалык эмес спорт түрлөрү боюнча мыкты машыктыруучу – Азамат Казакбаев (Самбо);
  • Жыл жаңырыгы – Эрназар Акматалиев (Эркин күрөш);
  • Мыкты ММА чебери – Алтынбек Мамашев;
  • Мыкты улакчы – Нуржан Мелисбек уулу.
  • Уюштуруу комитетинин чечиминин негизинде:
  • Атайын сыйлык – Эдуард Кубатов;
  • Мыкты меценат – Шаршенбек Абдыкеримов.

Белгилей кетсек, Sports Awards – 2021 сыйлыгы спорт жана дене тарбия тармагында кесипкөйлүк ишмердүүлүгүндө зор ийгиликтерге жетишкен жана спорттун өнүгүшү менен жайылышына маанилүү салым кошкон спортчуларга тапшырылып келет.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1234