7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Акылбек Жапаров жакында Бириккен Араб Эмиратына жумушчу сапары менен барат

543

Акылбек Жапаров жакында Бириккен Араб Эмиратына жумушчу сапары менен барат. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, сапардын жүрүшүндө бир катар эки тараптуу жолугушуулар өтөт.

Ошондой эле Министрлер Кабинетинин башчысы Дубай шаарындагы «EXPO 2020» көргөзмөсүнүн алкагында Кыргыз Республикасынын Улуттук күнүнө арналган иш-чарага катышып, ошондой эле   Дубай шаарындагы «Dubai Smart City» жана шаарларды туруктуу өнүктүрүү концепциясына негизделген технологиялык экошаардын долбоору саналган Абу-Даби шаарындагы «Masdar City» менен таанышат.

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын жумушчу сапарынын алкагында «Кыргызстан — Бириккен Араб Эмираты — 2021» туристтик роуд-шоу, бизнес-форуму өтөт, анын жүрүшүндө B2B форматындагы жолугушуулар жана сүйлөшүүлөр өткөрүлмөкчү.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

544