7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Муунтуп өлтүрүп, көмүп коюшкан». Ошто дайынсыз болуп жаткан 2 адамдын жансыз денеси табылды

2064

Кара-Сууда адам өлтүрүүгө шектелген 2 жаран кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 17-март күнү болжол менен саат 19:40 чамасында Өзбекстандын 20 жаштагы жараны Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн Достук өткөрмө бекетинен чыгып кеткен боюнча дайынсыз жоголгондугу боюнча агасы Кара-Суу РИИБге арыз менен кайрылган. Бул окуя 17-мартта Кара-Суу РИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталган. Ошондой эле арыз менен 18-мартта Араван районунун Ачы айылынын тургуну 62 жаштагы жаран арыз менен кайрылган, анда 17-март күнү 36 жаштагы уулу Кара-Суу шаарындагы “Туратали” базарында ксерокопия жана компьютердик кызматтарды көрсөтүп иштеген жеринен чыгып кеткен боюнча дайынсыз болуп жатканын билдирген.Кара-Суу РИИБдин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгында, 17-март күнү саат 19:00 чамасында Ош шаарынын тургуну дайынсыз жоголду деген 36 жаштагы жаран Кара-Суу шаарындагы «Тураталы» базарынан жүргүнчү катары унаага отуруп кеткендиги такталган. Ал отуруп кеткен унааны тактоо учурунда, Ош шаарындагы фирмалардын биринен 1 айга ижарага Өзбекстандын Андижан облусунун Пахта-Абад районунун тургуну 28 жаштагы жаран алгандыгы аныкталган. 19-мартта аталган 28 жаштагы жаран жана Жалал-Абад облусунун Сузак районунун айылынын тургуну 17 жаштагы жаран кармалган.

Тергөө учурунда 17-март күнү болжол менен саат 19:40 чамасында Өзбекстанстандын 20 жаштагы жараны Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн Достук өткөрмө бекетинен чыгып, ижарага алынган көк түстөгү Хонда Фит үлгүсүндөгү унаага отурган. Кара-Суу районунун Нариман айыл аймагынын Жаңы-Маала айылына жеткенде жүргүнчүдөн акчасы барбы же жокпу сураган. Ал акчасы жок экенин айткан учурда жарандын желкесине уруп, акча талап кылган андан кийин атайын даярдалган жип менен муунтуп өлтүргөн. Маркумдун жанынан 7 миң сом акча, 100 доллар, 1 даана телефонун алышкан.

Андан кийин Ош шаарын аралып Кара-Суу районунун Фуркат айылы аркылуу Ош-Бишкек жолу менен Өзгөн районуна карай жөнөгөн, кылмышты жаап жашыруу максатында жансыз денени Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айыл аймагынын Шералы айылы менен Жаңы-Кызыл-Суу айылынын ортолугунда жайгашкан талаага унаа жолунун боюндагы жерди казып көмүп коюшкан. Жарандын кол сумкасын ичиндеги буюмдары менен ошол жерге өрттөп жиберишкен. Аталган жагдай боюнча 19-март күнү Кара-Суу РИИБдин кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Жазык кодексинин 122-беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Кылмышка шектүүлөр өздөрүнүн кылмыштуу аракеттерин улантып, 17-мартта Кара-Суу шаарында жайгашкан «Туратали» базарына иражара алынган Хонда Фит унаасы менен өздөрүн такси кызматкери катары көрсөтүшүп, Ош шаарынын тургуну 36 жаштагы жаранды Кара-Суу базарынан жумушунан чыккан жеринен жүргүнчү катары алышкан. Жаранды унанын алдыңкы отургучуна отургузуп, Ош шаарын көздөй жөнөшкөн.

Кара-Суу районунун Кашкар-Кыштак айылына жеткенде унааны токтотуп, жарандан бизге акча керек деп сурагандыгын, акча жок деп айткан учурда,кеттик деп унааны жүргүзүп, жолдо бара жатып, алдын ала даярдалган жип менен муунтуп өлтүргөн. Жабырлануучунун жанынан 6 миң сом акча, ноутбук, 1 даана телефон, 1 даана флешкасын алып, жансыз денесин Кара-Суу районунун унаа өтүүчү жолдун батыш тарабына сайдын боюна жерди казып көмүп коюшкан. Тергөө учурунда шектүүлөр Жалал-Абад облусунун Сузак районунун тургундары 2005 жана 1994-жылы туулган жарандар күнөөлөрүн толугу менен моюндарына алышып, Кара-Суу РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Кылыш иштер боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

2065