7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Баткенде 1 тонналык сүмөлөк кайнатылды

827

Кечээ, 20-мартта Баткен шаарынын борбордук стадионунда Нооруз майрамына карата 1 тонналык сүмөлөк кайнатылып башталган.

Алгач атайын ырым-жырым кылып, майга нан бышырылган. Сүмөлөктү кайнатуу учурунда жалпы кыргыз элин кешик ырыскысы бир казандап даам сызып, бир түндүктүн алдында биригип, кыргыз элинин ынтымагын жана биримдигин тиленип, жети дубандын жана эки шаардын суусу куюлган.

Нарындын Көкөмерен суусу, Ордолуу Оштун Ак-Буура дарыясынын, Ысык –Көлдүн суусу, Жалал- Абаддан Көк – Арттын, Чүй облусунун, Талас облусунун, Бишкек шаарынын Ала- Арча суусу жана Баткен облусунун Козу- Баглан суулары куюлду.

Салтанаттуу жана ырым жырым коштогон иш- чара КРнын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкуловдун катышуусунда башталды. Ага манасчылар, төкмө акындар, белгилүү өнөр адамдары жана “Шайыр апалар” катышты.

Сүмөлөк кайнатуу таң атканча өтүп, маданий иш- чара менен коштолду.

Элибиздин аруу тилеги айтылган сүмөлөк бүгүн, 21- март күнү ачылып, меймандарга таратылат.

Нооруз майрамынын салтанаттык бөлүгү бүгүн, шаардык стадиондо саат 10:00до башталып, Баткен шаары шаңга бөлөнөт.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

828