7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жапаров: Жылыбыз ырыс-ынтымактын, береке-куттун, ийгиликтердин  жылы болсун

495

Бүгүн, 21-мартта президент Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Нооруз майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

“Урматтуу кыргызстандыктар! Жаратылыштагы жаңылануунун, жакшы тилек-пейилдердин майрамы – Нооруз майрамыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктайм. Нооруз – Жаңы күн – жандануунун башаты!

Бул майрам — миңдеген жылдык тарыхы бар, мааниси-мазмуну терең майрам. Табият уйкудан ойгонгон бул күнү адамзат менен жаратылыштын ортосундагы бир бүтүндүктүн, гармониянын белгиси катары жүрөгүбүздө да аруу ниеттер, жакшы тилектер ойгонот. Эзелтеден эле ата-бабаларыбыз жер жарылып көк чыккан, күн менен түн теңелген ушул күндү жаздын, жаңылануунун майрамы катары белгилеп келишкен. Бири-бирине чын пейили менен куттук айтып, аруу тилектерин тилеген.

Биз дагы ата-бабаларыбыздын жолун улап, күн менен түн теңелип, көктөм башаты саналган бул майрамда бири-бирибизге жакшы сөздөрдү аябай, жаркын маанай тартуулайлы.

Нооруздун келиши менен мамлекетибизди өнүктүрүү үчүн алдыга койгон асыл максаттарыбыздын, конкреттүү иш-пландарынын жүзөгө ашуусуна тилек кылалы. Эл кызматындагылар саясатты экинчи планга коюп, эл-журттун камы, экономиканын өнүгүшү үчүн  ишенимдүү кадамдарды жасап баштады. Бийлик бутактары бир максатты көздөп, бир багытта иш алпарууну колго алды. Ынтымагыбыз артып, элдин үмүт-тилегин аткаруу үчүн ар бирибиз адал эмгек менен Кыргызстандын жаркын келечегин курууга, экономикасын өнүктүрүүгө салым кошолу деген ниетибизден жанбайлы.

Урматтуу мекендештер!

Сиздерди дагы бир жолу Нооруз майрамыңыздар менен чын жүрөгүмдөн куттуктайм. Улустун улуу күнүнөн тарта жалаң жакшылык жылоолоп, алдыга койгон ой-максаттарыңыздар ишке ашсын! Жылыбыз ырыс-ынтымактын, береке-куттун, молчулуктун, ийгиликтердин  жылы болсун! Баарыңыздарга бардар турмуш, бакыбат жашоо каалайм!”.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

496