25-март күнү түнкүсүн Чүй, Талас, Жалал-Абад, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолордо кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борборунун маалыматында айтылат.
Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй облусунун кээ бир райондорунда жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаайт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз +8…+13;
Талас облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз +5…+10;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облусунда түнкүсүн 0…+5, күндүз +12…+17;
Ысык-Көл жана Нарын облустарында түнкүсүн -4…+1, күндүз +5…+10;
Бишкекте түнкүсүн мезгили-мезгили менен кар жаайт, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 0…-2, күндүз +11…+13 градус болот.