7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жапаров макроэкономикалык жана инвестициялык саясат боюнча координациялык кеңешти жетектеди

566

Министрлер кабинети кезектеги кенешмесинде Министрлер кабинетине караштуу Макроэкономикалык жана инвестициялык саясат боюнча координациялык кеңеш жөнүндө чечимди жактырды.

Координациялык кеңешти Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жетектейт.

Белгилесек, кеңештин негизги максаты макроэкономикалык жана инвестициялык саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча координацияланган чечимдерди кабыл алуу жолу аркылуу Кыргыз Республикасынын экономикасын стабилдештирүү жана туруктуу экономикалык өнүгүүсүнө жетишүү.

Жыйындын жүрүшүндө Министрлер кабинетинин мүчөлөрү 10дон ашуун маселени карады.

«Белгилүү болгондой, Министрлер Кабинетинин алдына чоң милдеттер коюлган. Биринчи кезекте, бул билим берүү, саламаттык сактоо, маданият жана социалдык коргоо тармагынын кызматкерлеринин эмгек акысын олуттуу түрдө жогорулатуу боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшырмасын аткаруу болуп саналат. Мындан тышкары, экономикалык чөйрөдө алдыдагы реформаларды жүргүзүү, азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо, өнөр жай жана инвестициялык долбоорлорду ишке киргизүү боюнча иштер жүрүп жатат. Мамлекеттик башкаруу тутумунда натыйжалуулук, чечимдердин сапаттуу жана ыкчам кабыл алынышы талап кылынат», — деди Акылбек Жапаров.

Ошондой эле Министрлер кабинети чечим кабыл алып, ага ылайык, Ысык-Көл облусунун Тамчы айылындагы өткөрүү пункту, бажы көзөмөлү жана «Ысык-Көл» аэропорту авиакомпанияларга жана жүргүнчүлөргө ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында күнү-түнү иштей турган болду.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

567