7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бакыт Төрөбаев туризмди өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, тапшырмаларды берди

664

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев туристтик бизнес-ассоциациялардын өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө туризм тармагын өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелери, анын ичинде туризм тармагынын стратегиясын иштеп чыгуу, коопсуздук маселелери, туризм тармагынын субъекттеринин реестрин түзүүнүн тартиби жана туристтер үчүн чакырууларды берүү механизми талкууланды.

Бакыт Төрөбаев туризмди өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине кызыкдар мамлекеттик органдар жана бизнес-ассоциациялар менен биргеликте орто мөөнөттүү мезгилге Туризм тармагын өнүктүрүү стратегиясынын долбоорун иштеп чыгууну тапшырды.

Экономика жана коммерция министрлигине туризм тармагын стимулдаштыруу боюнча программаны (материалдарды, техникаларды, жабдууларды ташып кирүүдө бажы алымдарынан жана салыктарынан бошотуу, ошондой эле эл аралык практиканы эске алуу менен дем берүүнүн башка түрлөрү) иштеп чыгуу мүмкүндүгүн иликтөө тапшырылды.

Тышкы иштер министрлигине шенген жана америкалык визасы бар туристтер үчүн Кыргыз Республикасына кирүү үчүн визасыз режимди киргизүүнүн максатка ылайыктуулугун карап чыгуу жана бир айлык мөөнөттө Кыргызстандын, Өзбекстандын жана Казакстандын визалык режимдерин өз ара таануу маселесин иштеп чыгуу тапшырылды.

Кеңешменин жыйынтыгында Министрлер кабинетинин төрагасынын тийиштүү орун басарынын жетекчилиги астында бизнес жана кызыкдар мамлекеттик органдардын катышуусунда туризмди өнүктүрүү маселелерин координациялоо боюнча ведомстволор аралык комиссияны түзүү чечими кабыл алынды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

665