Сауд Арабия чет өлкөлүк зыяратчылар үчүн эки жылдан бери токтоп турган ажылык сапарга барууга уруксат берди. Бул тууралуу Saudi Press Agency жазды.
Маалыматка ылайык, Меккеге быйыл бир миллион киши бара алат. Сауд Арабия ажылык үчүн өз жарандарына да, чет өлкөлүктөргө зыяратчылардын келе ала турган санын көбөйттү. Бул ирет ажылык сапарга барууга 65 жашка чейинки адамдарга гана уруксат берилет. Ошондой эле коронавируска каршы эмделген болушу шарт. Алар келери менен коронавирус илдети жоктугун көрсөткөн ПЦР-тестти да тапшырышы керек. Быйыл ажылык сапарды 7-12-июль күндөрү уюштуруу пландалууда.