7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Megacom компаниясынын мурдагы директору үй камагына чыкты

565

Мамлекеттин карамагында турган Megacom компаниясынын экс-директору Акылбек Жамангулов үй камагына бошотулду. Бул тууралуу Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматы билдирди.

Кечээ, 20-июнда, Жамангуловдун баш коргоо чарасын өзгөртүү өтүнүчү Октябрь райондук сотунда каралган. Анда судья 12-июлга чейин үй камагына чыгаруу чечимин чыгарган.

Эскертсек, Жамангулов 12-март күнү Башкы прокуратура тарабынан кармалган. Ал бирөөнүн ири суммадагы мүлкүнө ээ болуп алган деп шектелүүдө.

Акылбек Жамангулов Megacom компаниясын 2018-2021-жылдары башкарган. Ага чейин Жогорку Кеңештин депутаты болгон.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

566