7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстандык 15 спортчу 500 доллар стипендия алышат (тизме)

670

Эл аралык олимпиада комитети кыргызстандык 15 спортчуга ай сайын 500 доллардан стипендия төлөй баштайт. Бул тууралуу Кыргызстандын Улуттук олимпиада комитетинен билдиришти.

Ага ылайык, үстүбуздөгү  жылдын 1-майынан тарта 2024-жылдын 31-августуна чейин 15 кыргызстандык спортчу стипендия алат.Сый акы 2022-жылдын май айынан 2024-жылдын 31-августуна чейин берилет.

Буга чейин 10 стипендия болсо, бул жолкуда спортчулардын саны 15ке жетти. Келшим боюнча стипендия 1-майдан баштап берилмек, бирок каражат азырынча түшө элек.Акча түшөрү менен спортчуларга каражат бериле баштайт”, — деп айтылат билдирүүдө.

Тизме:

  • Акжол Махмудов – грек-рим күрөшү;
  • Жоламан Шаршенбеков – грек-рим күрөшү;
  • Алибек Осмонов – эркин күрөш;
  • Бекболот Мырзаназар уулу – эркин күрөш;
  • Эрназар Акматалиев – эркин күрөш;
  • Айсулуу Тыныбекова – кыз-келиндер күрөшү;
  • Мээрим Жуманазарова – кыз-келиндер күрөшү;
  • Айпери Медет кызы – кыз-келиндер күрөшү;
  • Калмира Билимбекова – кыз-келиндер күрөшү;
  • Владимир Золоев – дзюдо;
  • Нурсултан Кенешбеков – жеңил атлетика;
  • Гүлшан Сатарова – жеңил атлетика;
  • Денис Петрашов – сууда сүзүү;
  • Бекдөөлөт Расулбеков – оор атлетика;
  • Нурадин Рустамбек уулу – бокс.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

671