7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ден соолугуна оор залал келтирилген. Музыкант Викрам Рузахунов боюнча документтер Казакстанга өткөрүлүп берилет

746

Январь айындагы Казакстанда болгон башаламандыктан укук коргоочулар тарабынан кармалып, ур-токмокко алынган кыргызстандык музыкант Викрам Рузахунов экспертизанын жыйынтыгы чыкканын билдирди. Кыйноого кабылган окуяда анын ден соолугуна оор залал келтирилгени аныкталганын Рузахунов өзүнүн Фейсбук баракчасына жазып чыкты.

 

«Бүгүн Ленин РИИБи менин ишим боюнча тергөөнү аяктап, бизди материалдар менен тааныштырды. Экспертизанын жыйынтыгы боюнча менин ден соолугума оор залал келтирилгени аныкталган. Топтолгон материалдар Башкы прокуратура аркылуу күнөөлүүлөрдү аныктап, кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн Казакстандын компетенттүү органдарына жиберилет», — деп жазды ал.

 

Эске салсак, январь айында Казакстанда орун алган баш аламандыктар учурунда коңшу өлкөнүн телеканалдардын биринде тополоңго катышкандардын бири Кыргыз өлкөсүнөн учуп баргандыгын айткан видео көрсөтүлгөн. Андан соң интернет колдонуучулары видеодогу жаран жаз музыканты Викрам Рузахунов экендигин жазып чыгышкан.

Музыкант өлкөгө 10-январда алып келинген.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

747