Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов өкмөттө эң ири кадрдык өзгөрүүлөрдү жасады. Ал өкмөттүн курамын өзгөртүп, 26дан ашык министрди кызматтан алды. Мындай чечимди ал өкмөттүн кеңейтилген жыйынында расмий өкүлдөр өлкөнүн экономикалык өсүүсү тууралуу маалымат бергенден кийин кабыл алган. Бул Сердар Бердымухамедов мамлекет башчылыгына келгенден берки эң ири кадрдык алмашуу. Бул тууралуу Түркмөнстандын жергиликтүү басылмалары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, президенттин буйругу менен кызматтан алынгандардын арасында билим берүү, илим, саламаттыкты сактоо, спорт, жаштар жана социалдык коргоо боюнча вице-премьер-министр Сапардурды Тойлыев, экономика, банк иштери жана эл аралык каржы уюмдары боюнча вице-премьер-министр Мухаммедгулы Мухаммедов бар.
Бердымухамедов социалдык маселелер боюнча вице-премьер-министр Сапардурды Тойлыевди ишинен алган. Анын ордуна ага чейинки саламаттыкты сактоо министри Нурмухаммед Аманнепесов дайындалган. Саламаттыкты сактоо министри кызматына болсо, Аманнепесовдун орун басары Атагелди Германов келген. Экономика жана каржы боюнча вице-премьер-министр Мухамметгулы Мухаммедов кызматынан бошотулуп, бош орунга Түркмөн мамлекеттик экономика жана башкаруу институтунун ректору Хожамырат Гелдимырадов бекитилген. Мухамметгулы Мухаммедов вице-премьер-министрлик кызматка 25-мартта, Сердар Бердымухамедов ант бергенден бир нече күндөн кийин келген. Ал ага чейин өлкөнүн экономикалык, банктык жана эл аралык каржы институттарын жетектеген.
Ошондой эле президент Түркмөнстандын Австрия, Япония, Бельгия, Франция, Түркия, Азербайжан, Украина жана Түштүк Кореядагы элчилерин кызматтан алган.
Мындан тышкары Түркмөнстандын облустарынын өкмөттүк кураторлору кайрадан дайындалып, жогорку окуу жайларында кадрдык алмашуулар болгон.