7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

63 миң доллар зыян келтирген. Издөөдө жүргөн УКТ мүчөсү кармалды

669

Буга чейин борбор калаанын тургуну алдамчылык жолу менен жарандын мүлкүн тартып алып, 63 миң доллар өлчөмүндө зыян келтирген. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Бул факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси «Алдамчылык» боюнча кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турган жаран борбор калаанын тургуну 1995-жылы туулган  Б.Б. кармалган.

Алдын ала маалыматтар боюнча, жогоруда көрсөтүлгөн жаран 2021-жылы башка адамдар менен сүйлөшүп, жабырлануучуга тиешелүү унааны алдоо жолу менен ээлеп алып, 60 миң АКШ долларынан ашык зыян келтирген деп шектелген.

Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

670