Буга чейин борбор калаанын тургуну алдамчылык жолу менен жарандын мүлкүн тартып алып, 63 миң доллар өлчөмүндө зыян келтирген. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Бул факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси «Алдамчылык» боюнча кылмыш иши козголгон.
Ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турган жаран борбор калаанын тургуну 1995-жылы туулган Б.Б. кармалган.
Алдын ала маалыматтар боюнча, жогоруда көрсөтүлгөн жаран 2021-жылы башка адамдар менен сүйлөшүп, жабырлануучуга тиешелүү унааны алдоо жолу менен ээлеп алып, 60 миң АКШ долларынан ашык зыян келтирген деп шектелген.
Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.