7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

59 жаштан өтүп эне бактысына ээ болгон аялдар

649

Жашы 70ге таяп калганына карабай эне статусуна ээ болгон бактылуу айымдар тууралуу билгиңиз келеби?

Адриана Илиеску 66 жашында биринчи жолу эне болгон. Туугандары аны эгоист, оорукчан деп аташкан жана 14 жылдан кийин да анын тандоосун айыпташкан. Эмне үчүн Адриана эрте төрөгөн эмес?

Жаш кезинде ал сулуу жана акылдуу болгон. Ал Румыниянын университетине жакшы жумушка орношуп, бирок сүйүү жагынан такыр бактысыз болгон. Адриана 20 жашында турмушка чыгып, дароо боюна бүтүп калган. Ал абдан сүйүнүп, бирок төрөт медициналык себептерден улам үзгүлтүккө учураган. Күйөөсү бул оор учурда аялын колдогон эмес жана ата болууну каалаган дагы эмес. Адриана бир нече жылдан кийин ажырашып кеткен. Күйөөсү жок, баласы да жок өзүн жумушка толук арнаган. Ал жеке жашоосун таптакыр унутуп, эртеден кечке чейин убактысын иш менен өткөргөн. Убакыт өтүп, Адриана балалуу болгусу келген. Бирок, дарыгерлер ага коркунучтуу диагноз коюшкан, ал тукумсуздук эле. 9 жыл бою оору менен күрөшүп, бирок жыйынтык болгон эмес. Акыры айласы кетип, 66 жашында жасалма уруктандырууга кайрылган. Операция ийгиликтүү өтүп, көп өтпөй Адриана үч эм боюнда болгон. Алардын экөө курсагында чарчап калса, үчүнчүсү кыз болгон. Бактыга жараша айына жетпей төрөлсө да аман калган.

Учурда анын кызы 16 жашта, ал колледжге тапшырууга даярданып жатат жана музыка ойнойт, так илимдерди жакшы көрөт. Көпчүлүк Адриананы Элизанын чоң энеси катары кабыл алышат. 82 жаштагы Илиеску учурда өзүн мыкты сезет, сергек жашоо образын карманат, көп сейилдеп кыдырат жана кызынын үйлөнүү тоюн көрүүнү кыялданат.

Пенсияга чыккан Адриана жумушту унутуп, бүт убактысын балага арнай алат. Ал эми Элизанын келечегине кам көрүп койгонун белгилеп келет.

Ал эми, Германиянын тургуну Аннегрет Рауниг 65 жашында төрт эм төрөгөн. Анын үчөөсү уул жана бирөө кыз болгон. Аннегрет жасалма уруктандыруу процедурасынын жардамы менен боюна бүткөн. Ымыркайлар кесарево жолу менен 26 жумада төрөлүшкөн. Балдар айына жетпей төрөлгөнүнө карабай, дарыгерлер жакшы прогноз айтып, алар жашайт деп ишендиришкен. Рауниг төрт эмден тышкары 13 баласын тарбиялайт. 7 небереси бар. Ага улуу кызы жана өкмөттүк күчтөр жардам беришет. Белгилүү болгондой, ал төрт эм төрөгөн дүйнөдөгү эң кары аял болуп калган.

59 жашында табигый жол менен төрөгөн Дон Брук жөнүндө айта кетпесек болбойт. Брук эне болгонго чейин узак мөөнөттүү гормон терапиясынан өтүп, дарыгерлердин тыкыр көзөмөлүндө болгон. Ал кош бойлуулуктун алгачкы белгилерин рак деп эсептеген. Бирок аялдын коркуусу жалган болуп чыгып, 9 айдан кийин табигый жол менен бала төрөлгөн. Бала дени сак, эч кандай кемчилиги жок төрөлгөн.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

650