Министрлер кабинетинин төрагасынын буйругуна ылайык, Түмөнбай Колдошев Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары болуп дайындалды
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Салтанат Аманова ээлеген кызматынан бошотулду.
Ошондой эле Кинематография департаментинин директору Мукталы Бектеналиев да ээлеген кызматынан бошотулду.
Эдил Байсалов министрликтеги эскирген иш ыкмаларын жана учурдун талабына, маданияттын заманбап тенденцияларына жооп берген жаңы демилгелердин, идеялардын жоктугун сынга алды.
«Мен кесиптештеримди президент тарабынан ведомствонун алдына коюлган милдеттерди ишке ашыруу үчүн бирдиктүү иш алып барууга чакырат элем», — деди ал.