Бишкекте турак үйдүн чатырынан өрт чыгып, 12 жаштагы кыз иске ууланды. Бул тууралуу ӨКМден билдирди.
Маалыматка ылайык, өрт Биринчи Май районунун Серпуховская көчөсүндө жайгашкан турак үйдүн чатырынан чыккан. Өрттүн жалпы аянты 150чарчы метрди түзгөн.
Кырсыктын кесепетинен 12 жаштагы К.Э аттуу кыз иске ууланып, 11 жаштагы Н.Т аттуу кыз көзүнөн жаракат алган.
Учурда жабыркагандар тез жардам кызматына өткөрүлүп берилди.