7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте уурулукка шектелип 18 жаштагы жигит кармалды

695

Бишкекте уюлдук телефонду уурдап изин жашырып жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу Ленин РИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 7-сентябрда арыз менен Т.Э аттуу жаран кайрылган. Анда, Рыскулов көчөсүндө белгисиз адамдар күч колдонуу менен 25 000 сомдук Redmi 10 pro маркасындагы уюлдук телефонун алып изин жашырып кеткен.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренесинин (каракчылык) негизинде кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөөнүн натыйжасында 2004-жылы туулган шектүү А.А. аттуу жигит кармалып, убактылуу кармоочу жайга СИЗО-1ге камакка 10 суткага киргизилген.

Учурда шектүүнүн башка ушул сыяктуу кылмыштарга катыштыгы бар экендигин аныктоо боюнча тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

696