7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Москва районунда 30 жаштагы жаран бөтөлкөлөшүнө бычак сайган

577

Москва районунда бөтөлкөлөшүнө бычак сайган 30 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, милицияга 27-сентябрь күнү Москва райондук ооруканага бычактан жаракат алган жаран жаткырылгандыгы боюнча билдирүү түшкөн.

Ыкчам тергөө тобу жерине барып, жаракат алган адам 1979-жылы туулган Я.А. аттуу жаран экенин аныктаган.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесинин (ден соолука оор залал келтирүү) негизинде кылмыш иши козголуп, ыкчам иликтөөнүн жүрүшүндө шектүү 1992-жылы туулган К.С. аттуу жаран кармалган.

Кылмышка шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери башталган.

Тергөөнүн жүрүшүндө экөө чогуу спирт ичимдигин ичип, ортодогу чырдан улам аталган окуя келип чыккан.

Учурда окуяга соттук-медициналык экспертиза дайындалып, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

578