Токмоктогу мал базарда 120 миң сомун уурдатып ийген карыянын үйүнө келдик. Карыянын уулу Бакыт учурда атасынын абалы жакшы болбогондугун айтып, интервью берүүдөн баш тартты.
«Ошол окуя болгондон кийин балама аш кылат элем деп кыйкырып ийди атам. Ата өзүңүздү колго кармаңыз деп жанында тургам. Ошол жерден эл «атанын акчасын уурдап кетиптир» деп акча чогулта башташты. Акча жарым саатка жетпей чогулуп калды. Азыр атамдын абалы жакшы эмес, ошон үчүн интервью бере албайт. Чогулткан элдин телефон номерлери бар, баарын ашка чакырдык. Элибизге ыраазычылык билдиребиз»,- деди уулу.
Учурда бул факт Токмок шаардык ички иштер бөлүмүндө катталып, териштирүү иштери башталды.