7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Камчыбек Ташиев Баткенде чек ара маселеси боюнча жыйын өткөрдү

595

Бүгүн, 21-октябрда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Баткен облусунда күч түзүмдөрүнүн, мамлекеттик мекемелердин жетекчилери менен жыйын өткөрдү. Бул тууралуу УКМКнын  Чек ара кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, жыйында Ташиев кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалды турукташтыруу, чыр-чатактарды болтурбоо үчүн бардык аракеттерди көрүү зарылдыгын белгилеген. Ошондой эле чек ара аймактарында жаралган көйгөйлөр саясий-дипломатиялык жол менен, сүйлөшүүнүн негизинде чечилиши керектигин айткан.

«Чек ара маселеси эки мамлекеттин кызыкчылыгын козгойт. Ошондуктан буга байланыштуу ар кандай даражадагы чиновниктер дагы, катардагы жарандар дагы чек арадагы кырдаалдын курчушуна өбөлгө боло турган шашылыш билдирүүлөрдү жасабашы керек. Бүгүнкү күндө баарыбызга, Кыргызстанга да, Тажикстанга да тынчтык, стабилдүүлүк, эки мамлекеттин туруктуу өнүгүүсү керек», — деген Ташиев.

Ал Баткен облусунун жетекчилигине тажик тарап менен кызматташууну бекемдөө милдетин коюп, кабыл алынган чечимдерди аткарбагандыгы үчүн Баткен облусунун укук коргоо органдарынын жана мамлекеттик органдарынын жетекчилери жеке жоопкерчилик тарта турганын айтты.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

596