Америкалык белгилүү модель Джиджи Хадид 1995-жылы 23-апрелде туулган. Джиджи белгилүү Victoria’s Secret брендинин жүзү. Өзүнүн табигий сулуулугу менен 2 жашынан бери дүйнөлүк модель чөйрөсүн багындырып келген Джижди Хадид жөнүндө сөз кылабыз.
1) Джиджинин чыныгы аты — Джелена Нура. Анын псевдонимин апасы Иоланда Фостер ойлоп тапкан.
2) Анын бир тууган эжеси Белла жана иниси Анвар бар. Ошондой эле дагы жети бир туугандары бар: экөө өзүнүн атасы тараптан, бешөө өгөй атасы тараптан.
3) Модель кээде эмоционалдык стресстен арылуу үчүн жаздыкка кыйкырат. Ал бул ыкманы эффективдүү деп эсептейт.
4)2021- жылдын март айында модель күйөөсү Зейн Малик менен ажырашкан. Алардын ортосунда бир кызы бар.
5) Джидинин жеке стилисти Мими Катрелл подиумга чыгуу үчүн гана кийимдерин даярдабай күнүмдүк жашоодогу образдарын дагы даярдап берет.
6) Джиджи диета кармабайт.
7) Ал бир айда бир жолу соц тармактан тыныгуу алып, соц тармактарды өчүрүп турат.
8) Джиджи бала кезинде волейбол жана ат спорту менен машыккан.
9) Эки жашында жарнамалык роликке биринчи жолу тартылган.
10) Модель болбогондо, криминалдык психологияны изилдеп, татаал кылмыштарды иликтеп иштемек.
11) Джижди бай үй-бүлөдө төрөлгөн. Апасы Йоланда Хадид-Фостер белгилүү модель жана теле жылдыз болгон. Атасы болсо Мохамед Хадид бизнесмен, инвестор, кымбат баалуу кыймылсыз мүлк менен алектенет. Ал Вашингтондогу, Нью-Йорктогу Ritz-Carlton мейманканаларынын ээси.
12) Атактуу “Барби” куурчак компаниясы кыздын образында жаралган Барби Джиджи Хадид куурчагын чыгарды.
13) Джиджи “Хашимото” оорусу менен жабыркайт. Бул ооруну даарылоо оңой эмес, кээде бул оорунун кесепетинен салмак көйгөйлөрү анда жаралат.
14) Өзүн формада кармоо үчүн модель күн сайын машыгуу залына барат. Ал спортту жакшы көрөт.
15) “Porter” журналына берген маегинде : «Мен мусулман экениме сыймыктанам» деп айткан.