7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Түмөнбай Колдошов Бейшеналиева атындагы искусство университетинин ректору болду

755

Түмөнбай Колдошов Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин ректору болуп дайындалды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Тиешелүү буйрукка билим берүү жана илим министри Уланбек Мамбетакунов кол койгон.

Билим берүү министрлиги 2022-жылдын 13-декабрында Мамлекеттик жогорку окуу жайлардын жетекчилерин кызматка дайындоо, бошотуу жана аттестациялоо тартиби жөнүндө жобого ылайык Б.Бейшеналиева атындагы КММжИУнин ректорунун кызмат ордуна сынак жарыялаган.

Сынактын жыйынтыгында эң жогорку баллды Түмөнбай Колдошов алган.

Буга чейин Түмөнбай Колдошов Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары болуп иштеп келген.

Ал эми, КММжИУнун ректору Мамашарип Чотонов 8-декабрда оорудан улам каза болгон.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

756