Кечээ, 16-февраль күнү болжол менен саат 01:30дар чамасында «Mercedes-Benz» спринтер үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу жана 1 жүргүнчүсү Ала-Бука-Жаңы-Базар-Кировка автоунаа жолунун 80-90- чакырымында кар көчкү түшүп, өтө албай калгандыгы маалымдалган.
Жерине Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары жана райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 3 куткаруучу, Жол тейлөө ишканасынан 1 авто жүктөгүч тартылып, кар көчкү түшүү коркунучу жогору болгондуктан жумуш убактылуу токтотулган.
Саат 17:30дан баштап аталган айдоочу менен байланыш жок болгондугуна байланыштуу бүгүн, 17-февраль күнү Чаткал райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн 5 кызматкери жолго чыгып, Ала-Бука-Каныш-Кыя-Кировка унаа жолунун 90-чакырымына чейин жетишип, андан ары жол жок болгондугуна байланыштуу 5 куткаруучу издөө иштерин улантуу үчүн жөө жөнөп кетишти.
Кошумча маалымат берилет.