Бүгүн, 27-февралда комитет жыйынында Билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу Каныбек Иманалиев билим берүүдөгү негизги көйгөлөр тууралуу маалымат берди.
Иманалиевдин айтымында, бүгүнкү күндө Кыргызстандын билим берүү системасынын 60% дүйнөлүк стандарттарга жооп бербейт.
«Бул багытта көп өзгөртүүлөрдү жасоо керек. Советтик педагогиканын эң мыкты үлгүлөрүн сактап калуу менен окутуунун британиялык системасына өтүү зарыл», — деди ал.
Ошондой эле, ал учурда 600 миң бала балдар бакчасына барбай тургандыгын айтып, «Кесиптик билим берүүгө 2 млрд сом кетет экен, бирок ага окуучулардын 15% барат. Кыргызстанда 73 ЖОЖ бар, бирок 2030-жылдагы дүйнөдөгү эң керектүү 10 кесип болсо, биздин окуу жайлардын бири да ал кесиптер боюнча кадр даярдап чыгарбайт”, — деди.