7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Өлкөгө “Ми-8МТВ-1” тик учагы менен “ВСУ-5А” суу төгүүчү аппараты келери күтүлүүдө

578

Бүгүн Россиядан гранттык негизде келген 40 өрт өчүрүүчү унааны расмий кабыл алуу аземи өттү. Анда, алдыңкы убакыт аралыгында “Ми-8МТВ-1” тик учагы менен “ВСУ-5А” суу төгүүчү аппараты келери күтүлүп жатканын, ошондой эле кыргыз куткаруучуларынын жана суучулдардын тажрыйба алмашуусуна шарт түзөрүн билдиришти.

Салтанаттуу иш-чарадан соң Россиядан келген өкүлдөр ӨКМдин борбордук аппараты жайгашкан имаратына келишти. Тараптар табигый жана техногендик кырсыктар менен күрөшүүдө мындан аркы биргелешкен тажрыйба алмашуу жана кызматташуу боюнча пикир алышты.

Россиянын Жарандык коргонуу, өзгөчө кырдаалдар жана табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюу боюнча министри Александр Куренков жардам иретинде берилип жаткан техникалар Кыргызстандын тоолуу жана татаал аймактарында иштөөгө ылайыкталып жасалып, бардык шаймандар менен камсыздалганын билдирди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

579