7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Артём Новиков Нарын шаарында курулуп жаткан ооруканага курулушу менен таанышты

238

Министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков Нарын облусундагы иш сапарынын алкагында Нарын шаарындагы бириктирилген оорукананын жугуштуу оорулар бөлүмүнүн курулушу менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Нарын шаарындагы оорукананын жугуштуу оорулар бөлүмүнүн жаңы имараты 70 орунга ылайыкталган.

«Объектте бардык курулуш иштерин сапаттуу жана өз убагында бүтүрүү керек. Медициналык мекеме керектүү жабдуулар, инвентарлар менен жабдылууга, ошондой эле тиешелүү кызматкерлер жана дары-дармектер менен камсыз болууга тийиш», — деди Новиков.

Артем Новиков жергиликтүү бийлик органдарына бир катар тапшырмаларды берип, облусту дары-дармек, тест-системалары жана жеке коргонуу каражаттары менен жетиштүү көлөмдө камсыз кылуу боюнча милдеттерди койду. Белгилей кетүүчү жагдай, жугуштуу оорулар бөлүмүнүн жаңы имаратынын курулушу 92 %га бүттү. Желдетүү, жылытуу, өрткө каршы системалар орнотулууда, ошондой эле имаратты ички жана сырткы жасалгалоо иштери жүрүп жатат.Новиков мындан сырткары Нарын облусунун жергиликтүү бийлик органдары менен кеңешме өткөрүп, аймактагы асыл тукум мал чарбасынын иши менен таанышты.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

239