7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Зер буюмдарын жасаган жашыруун цех аныкталды

742

Бишкек шаарынын аймагынан колго жасалган зергер жабдууларды колдонуу менен зер буюмдарын жасоо жана маркалоо боюнча жашыруун цех аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Кыргызстандын жарандары Финансы министрлигине караштуу баалуу металлдар департаментинде маркалоонун милдеттүү жол-жоболорун кыйгап өтүп, тиешелүү салыктарды төлөөдөн качып, баалуу металлдарды мыйзамсыз жүгүртүүнү уюштурушкандыгы аныкталган.

Уюштуруучулардын цехинде тинтүү иштери жүргүзүлүп, зергер буюмдарын жасоого жана маркалоого зарыл болгон ар кандай жабдуулар, жалпы салмагы 23,5 килограммга жакын күмүш зер буюмдар табылган.

Учурда тергөө иштери уланып, келтирилген зыяндын көлөмүн жана бул ишке тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү чаралар көрүлүүдө.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

743