7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров Каныбек Осмоналиевге катуу эскертүү берди

447

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 20-апрелде, президентке караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Каныбек Осмоналиевди кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдиришти.

Кыргыз тилинин абалы, анын өнүктүрүүнүн келечеги жана колдонуу чөйрөсүн кеңейтүү маселелери талкууланды.

Каныбек Осмоналиев Мамлекет башчысына 2021-2025-жылдарга Кыргызстанда мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү программасы, анын ичинде мамлекеттик органдарда мамлекеттик тилди жакшыртуунун жүрүшү тууралуу сөз кылды. Ал ошондой эле Улуттук комиссиянын учурдагы ишмердүүлүгү жана пландары, тактап айтканда, түрдүү иш-чараларга, анын ичинде эл аралык деңгээлдеги иш-чараларга даярдыктар боюнча айтып берди. Мындан тышкары, Осмоналиев талкууланып жаткан “КРнын мамлекеттик тили жөнүндө” конституциялык мыйзамдын долбоору боюнча маалымат берди.

Жапаров мамлекеттик тилди колдоо, сактоо жана өнүктүрүү — мамлекеттик саясаттын маанилүү багыттарынын бири экенин баса белгиледи. Ал мамлекеттик тилди кеңири жайылтуу жагынан Улуттук комиссиянын көрүп жаткан чараларын канааттануу менен белгилеп, бардык жарандар тилди тийиштүү деңгээлде билүүсүнүн маанилүүлүгүнө көңүл бурду.

Ошону менен катар мамлекет башчысы Улуттук комиссиянын төрагасына катуу эскертүү берип, тил саясаты, тагыраак айтканда кыргыз тилин латын алфавитине өткөрүү жөнүндө аңдабай айтылган сөздөрдөн карманууга чакырды.

“Кыргыз тилинин латиницага өтүүсү тууралуу сөз кылууга азырынча эрте. Кириллицадагы мамлекеттик тилди талаптагыдай, сабаттуу деңгээлде билүүсүн камсыз кылмайынча, латын алфавитине өтүү тууралуу сөз да болушу мүмкүн эмес. Азыр бул боюнча маселе жок, мамлекеттик тилди өнүктүрүүнү кириллицада улантуу керек” — деп баса белгиледи Жапаров.

Мамлекет башчысы министрликтерде, ведомстволордо жана башка органдарда мамлекеттик тилдин абалына өзгөчө көңүл буруп, Улуттук комиссия тарабынан тил саясатын өркүндөтүү боюнча иштерди улантуу жана чараларды күчөтүү зарылдыгын белгиледи.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

448