7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Миллиондогон турист агылган Түрк Ривьерасы тууралуу кызыктар

467

Түркиянын Жер Ортолук деңизинин жээги, негизинен Түрк Ривьерасы деп аталат. Маданият, тарых менен табият айкалышкан бул аймакка жыл сайын миллиондогон турист келет. Аймак таза пляждары, жылуу аба жана деңизи менен дүйнөгө таанылып келе жатат. Түрк Ривьерасы туристтер үчүн эс алуу, чер жазуунун түрдүү жолдорун сунуштайт. Кооз жаратылыш койнунда эс алуу, байыркы шаарларды кыдыруу, куланириялык маданият менен таанышуу, треккингден сууга түшүүгө чейин бир топ мүмкүнчүлүктөр бар. Биз алардын айрымдары тууралуу кененирээк баяндап беребиз.

АНТАЛИЯНЫН АЖАЙЫП ЖЕРЛЕРИ
Жер Ортолук деңизи дегенде эле Түркиянын Ривьерасынын борборунда жайгашкан Анталия шаары эске келет. Шаар өзүнүн 229 көк желек менен катталган пляждары, легендарлуу тарыхый жерлери менен белгилүү. Муну менен катар спорттун бейиши да болуп саналат. Ачык спорттун күйөрмандары Караин, Дим жана Дамлаташ үңкүрлөрүн изилдөөдөн ырахат алышат. Анталия провинциясындагы Ликия , Писидия мурас жана Ыйык Павел жолдору дүйнөнүн эң ири жөө басатурган дестинациялар десек болот. Анталиянын Каш району дүйнөдөгү эң мыкты 10 сууга түшүүчү жердин бири катары каралат. Параплан жана бир нече суу спорту бул аймакта сөзсүз түрдө аткарыла турган иш-чаралардын бири. Ошондой эле Белек учурда дүйнөлүк деңгээлдеги гольф аянтчалары менен таанымал болуп келет.

ЛАВАНДА ГҮЛДӨРҮНӨ БӨЛӨНГӨН КӨЛ РАЙОНУ
Жер Ортолук деңизин жээктей жайгашкан Көл району да Антальяга жакын жайгашкан. Афьонкарахисар, Анталия, Бурдур, Ыспарта жана Конья облустарынын ичинде калган, Акшехир, Бурдур, Бейшехир, Эйирдир, Ковада жана Салда сыяктуу бир аймакты камтыган 16 көлү бар аймак Travel + Leisure тарабынан 2023-жылы саякаттоо үчүн 50 мыкты жерлер» деп табылды. Анталияга саякатка чыкканда бул аймакка барып, тектоникалык көлдөр менен Римдин тарыхый жерлеринен ырахат ала аласыз.
Түрк элинин негизги роза жана лаванда өскөн аймагы Испарта дал ушул Көл районунда жайгашкан. Испарта Жер Ортолук деңизинин табигый кооздугун көрүү, сезүү үчүн түрдүү мүмкүнчүлүктөрдү сунуштайт. Торос тоолорунун аркы бетинде катылган асыл таштарды изилдеп жатып, кызгылт көк гүлдөрдөгү лаванданын укмуштуудай көрүнүшүнө суктанып кайтыңыз.

АШКАНА СЫРЛАРЫ КАТЫЛГАН АК ДЕҢИЗ
Ак деңиздин ашканасы Түркиянын эң бай жана көп түрдүү гурмандык салттарынын бири катары кишинин көңүлүн бурат. Органикалык зайтун майы менен жасалган жашылча, эт тамактары жана татымалдары, балык жана деңиз азыктары Ак деңиз ашканасында өзгөчө орунду ээлейт. Салттуу ресторандарда тантуни-кебаб сыяктуу таза балык, туздалган бонито жана пияз сыяктуу белгилүү тамактар да бар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

468