Президент Садыр Жапаров жергиликтүү соттордун бир катар судьяларынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө жарлыктарга кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдирди.
КРнын Конституциясынын 70-беренесинин 4-бөлүгүнүн 4-пунктуна жана 96-беренесинин 3-бөлүгүнө, “Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө” конституциялык мыйзамынын 29-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык, КРнын Судьялар кеңешинин сунушу боюнча бир катар судьялардын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду.
Өз каалоосу менен төмөндөгү жергиликтүү соттун судьялары кызматтарынан мөөнөтүнөн мурда бошотулду:
— Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун судьясы Калыбеков Урмат Анварбекович;
— Бишкек шаардык сотунун судьясы Өмүралиева Анара Медербековна;
— Ысык-Көл облусунун административдик сотунун судьясы Барынбаев Жеңишбек Базармаматович.
Ошондой эле, Конституциясынын 70-беренесинин 4-бөлүгүнүн 4-пунктуна жана 96-беренесинин 3-бөлүгүнө, “КРнын судьяларынын статусу жөнүндө” конституциялык мыйзамдын 29-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык судьялар кеңешинин сунушу менен Жалал-Абад облусунун Токтогул райондук сотунун судьясы Ибраимова Жылдыз Белековна отставкага кеткендигине байланыштуу кызматынан бошотулуп, анын ыйгарым укуктары токтотулду.