7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте жол талашып урушкан айдоочулардын бири тапанча менен коркуткан

334

Бишкекте курал менен коркутууга шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 28-декабрында саат 12:00 чамасында Чыңгыз Айтматов көчөсүнүн ортосунда эки жаран урушуп кетишкени маалымдалган. Айтылган дарекке ошол замат Бишкек ШИИББгы боюнча милициянын кайгуул кызматкерлери келип, окуянын чоо-жайын тактаганда, эки айдоочу жол талашып урушуп, бири белгисиз үлгүдөгү тапанча менен экинчисин коркутуп жаткандыгы белгилүү болгон.

Кайгуул кызматкерлери эки тараптын урушун токтотуу менен бирге белгисиз курал алып жүргөн 1996-жылы туулган К.Б. аттуу жаранды кармашып, Ленин райондук ИИБнын Тергөө кызматына өткөрүшүп беришкен.

Бул факты боюнча Ленин райондук ИИБгы тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө иштери жүрүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

335