7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Төрага Шакиев Азербайжанга иш сапары менен жөнөп кетти

498

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев баштаган парламенттик делегация Азербайжан Республикасына иш сапары менен жөнөп кетти.

Иш сапардын алкагында төрага Азербайжан элинин жалпы улуттук лидери Гейдар Алиевдин 100 жылдыгына арналган иш-чараларга катышып, жогорку деңгээлдеги бир катар жолугушууларды өткөрөт.

Муну менен катар Түрк мамлекеттеринин парламенттик ассамблеясынын Башкы кеңсесине барып, ишмердүүлүгү менен таанышат.

Белгилей кетсек, төрага Шакиевди Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасы Улан Примов жана Азербайжан менен кызматташуу боюнча депутаттык достук тобунун жетекчиси Искендер Матраимов коштоп жүрөт.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

499