7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ош шаарында 914гө жакын «Батыр эне» бар

582

Бүгүн Ош шаарынын мэриясында энелер күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү.

Ага шаардык кеңештин төрагасы Салман Назылбеков, Ош шаарынын мэринин орун басары Сонунбек Жунусбаев жана баатыр энелер, мамлекеттик жана коомдук ишмер айымдар катышты.

Сонунбек Жунусбаев бүгүнкү күндө энелер тынчтыктын жана биримдиктин башаты, коомубуздун уюткусу жана үйүбүздүн куту экендигин белгилеп, жалпы аялдарды Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигеновдун жана жеке өзүнүн атынан Энелер күнү менен куттуктап, бир катар энелерге сыйлыктарды тапшырды.

Майрамдык иш-чаранын жүрүшүндө шаар бийлиги тарабынан шаардын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон салымы жана келечек муундарды тарбиялоодогу кошкон жигердүү эмгеги үчүн бир катар энелерге Ош шаарынын мэриясынын Ардак грамоталары жана баалуу белектери тапшырылды.

Белгилей кетсек, Ош шаарында 914гө жакын «Батыр эне», 128 «Эне даңкы» медалынын ээси бар.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

583