7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ноокатта 104 жаранга кызыл китептер тапшырылды

426

Ноокат районунда 104 жаранга турак жайын мыйзамдаштырган кызыл китеп тапшырылды.

Президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, кызыл китептерди президенттин өкүлүнүн биринчи орун басары Уристем Манапов тапшырды.

Жерге мунапыс жарыялангандан бери Ноокат районунун жарандарынан жерлерин мыйзамдаштыруу үчүн 3 миң 198 арыз түшкөн. Анын ичинен 572 адам турак жайына мыйзамдуу түрдө ээлик кылууга мүмкүндүк берген кызыл китепке ээ болушту.

Белгиленгендей, Ош облусунда “Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө” токтому жигердүү ишке ашырылууда. Тиешелүү кызматтар ченемдик укуктук актылардын сакталышын камсыз кылуу жана облустун жарандарына турак-жай кыймылсыз мүлктү мыйзамдаштырган кызыл китеп берүү үчүн бардык күч-аракетин жумшашат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

427