7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Сокулукта 1 миллион сомдон ашык акча уурдаган шектүү жаран кармалды

248

Сокулукта 1 миллион сомдон ашык акча уурдаган шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБнин басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, шектүүнүн жашаган жеринен уурдалган каражаттардын 1 миллион сому табылып, калган суммасын иштетип жибергени аныкталган.


2021-жылдын 16-январда милиция кызматкерлерине 51 жаштагы К.К. аттуу жаран арыз менен кайрылып, 15-январдан 16-январга караган түнү анын малчысы үйүнө бирөө кирип 1 миллион сомдон ашуун акча каражатын уурдап белгисиз тарапка из жашырып кеткенин билдирген.


«Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 200-беренеси (Уурдоо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган. Териштирүү учурунда кылмышка шектелген жаран 6 айдан ашык убакыттан бери малчы облуп иштеп, арыздануучунун үйүнүн жанындагы времянкада жашап келген. Чүй облусунун ИИБдин жана Сокулук РИИБдүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иш амалдарынын жыйынтыгында, жогорудагы кылмышка шектелип, мурда бир нече жолу соттолгон 40 жаштагы М.С. Бишкек шаарындагы күнүмдук берилген батирлердин биринен кармалган. Табылган каражат ээсине кайтарылылып берилип, шектүү убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда», — деп берилет маалыматта.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

249